Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу комитетине «7-канал» да кирди

Садыр Жапаров. Сүрөт: «7-канал»

Президентинин м.а. төрага Талант Мамытов жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун инаугурация аземин өткөрүүчү комитеттин курамын 21-январда бекитти. Жапаров 28-январда президенттик кызматка киришет.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79,2 % добуш менен жеңишке жеткен. Ал эми анын инаугурация аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча атайын комитет түзүлдү.

Комиттеттин төрагасы болуп президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, ал эми анын орун басарлары болуп БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин м.а. Артем Новиков дайындалаган.

Ошондой эле, инаугурацияны төмөнкү кишилер уюштурат:

  • Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, министр — Бактыбек Аманбаев;
  • Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси — Алмазбек Сабырбеков;
  • Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы — Таалайбек Өмүралиев;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Финансы министри — Кыялбек Мукашев;
  • Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Маданият, маалымат жана туризм министри — Нуржигит Кадырбеков;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев;
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу — Балбак Түлөбаев.

Комитетке мамлекеттик КТРКнын башкы директору Бактияр Алиевден сырткары «7-каналдын» жетекчиси Алтынбек Жумаев да кирген. Буга чейин жеке менчик ЖМКлар инаугурацияны уюштурууга тартылган эмес.

Юстиция министрлигинин базасында Алтынбек Жумаев «Канал D» телерадиокомпаниясынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн — бул «7-каналдын» юридикалык аталышы. Ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» коомдук фонду болуп эсептелет.

2019-жылдын август айында телеканал Атамбаевдин ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган. Ал эми Жумаев каналдын «обого чыгуу лицензиясы Атамбаевдин “Форумуна” тиешеси бар» экенин, бирок компаниянын мүлкү мурдагы президентке тиешеси жок болгонун кабарлаган.

Мындан бир жыл мурун «Канал D» компаниясынын мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиева телеканалды сот аркылу кайтарууга аракеттенген. Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы бул аракетти «рейдерлик басып алуу» катары баалаган.

Кезексиз президенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында «7-канал» бир гана Садыр Жапаровдун үгүт материалдарын ободон кетирген. Жапаровдун штабы «Канал D» ЖЧКсына жалпысынан 1 млн 300 миң сом которгон.

Аталган канал Жапаровдун жакын досу жана партиялашы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиевге катталган. Ал эми телекомпаниянын директору катары Залкар Анарбаев көрсөтүлгөн.

Редактор: Элдияр Бакиров