Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нурай Марс жетектейт. Ал ким?

Нурай Марс

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нурай Марс дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бул кызматты Нургазы Анаркулов жетектеген. Ал 2021-жылдын январь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан «пара талап кылган» деп шектелип, кармалган.

Анаркулов 1-февралда кызматтан бошотулуп, анын ордуна КТРКнын маалымат-чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинин баяндамачысы жана «Кайдасың?» программасынын алып баруучусу Нуркамал Асканова дайындалган.

Нурай Марс тууралуу

Нурай Марс 1991-жылы 29-сентябрда Бишкек шаарында туулган. 2015-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факултьтетин аяктаган. Учурда Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин магистратурасында финансы жана кредит факультетинде билим алат.

Марс 2010-2011-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси, 2013-жылы өкмөттүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы, 2014-2015-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу, 2017-жылдан 2021-жылга чейин Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.

Тема боюнча: Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы алмашты