Атамбаевдин иши: «7-каналдын» мүлкү камакка алынды

Телеканалдын директору Алтынбек Жумаев «Азаттыкка» билдиргендей, мүлк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинин алкагында камакка алынган.

«Канал 16-августта эле жабылган. Азыр иштеген жокпуз. Обого чыгуу лицензиясынын “Форумга” жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар, бирок каналдын мүлкүнүн Атамбаевге эч кандай тиешеси жок», — деди Жумаев.

«7-каналдын» жетекчилиги телеканалдын ишмердигин калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жатат. Телеканалдын башкы кеңсеси Ошто жайгашкан, бирок ал бүткүл өлкөгө обого чыгып турган.

Ошондой эле «Апрель» телеканалынын жана «Медиафорум» акционердик коомунун мүлктөрү да камакта.

Башкы прокуратура Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын мүлктөрү камакка алынганы тууралуу 16-августта билдирген. Башкы көзөмөл органдын жарыялаган тизмесинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн 135 бирдиги болгон.

Кийинчерээк Башкы прокуратура тизмеде көрсөтүлгөн мүлктөрдүн 20 бирдиги камактан чыгарылгандыгын билдирген. Ведомстводон мурдагы президенттин мүлкүнүн тизмеси такталып жатканын кабарлашкан.

Атамбаев коррупция жана башка оор кылмаштарга шектелип жатат.