Баткенде мектеп директору бычакталып каза тапты, шектүү катары айылдашы кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусунун Баткен районундагы Бөжөй мектебинин 43 жаштагы мектеп директору киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шектелип 24 жаштагы киши кармалды.

Баткен ОИИБден билдиришкендей, окуя 25-декабрда болгон. Саат 22:45 чамасында айыл тургуну денесинен жараат алып Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилген.

Милиционерлер ооруканага барганда тургун ичине жана жонуна бычак жегени аныкталган. Көп өтпөй мектеп директору каза болгон.

Баткен РИИБдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, ошол эле күнү шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы тургунун кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Турмуш» басылмасы окуя болгон күнү маркум кесиптешинин иниси менен чырдаша кеткенин маалымдады.

Баткен ОИИБден учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, окуянын чоо-жайы иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталаарын айтышты.

Аталган факт боюнча алгач «Денеге атайын оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милициядан тергөөнүн жүрүшүндө берене башкага өзгөрүшү мүмкүндүгүн белгилешти.