Киргшёлктогу үч аялдын өлүмү: Айыпталуучулар акталып чыкты

28-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2016-жылы Чүйдүн Киргшёлк айылында катталган үч аялдын өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин айыпталуучуларына актоо өкүмүн чыгарды.

Кылмыш ишинде алты адам айыпталуучу катары өтүп жатканы белгиленди: Лебедев А.П., Шулик Е.С., Белоусов Э.Г., Пудовкин И.И., Куликов Н.С., жана Гогин А.Р. Жыйынтыгында сот кылмыштын белгилери табылбагандыктан аларды күнөөсүз деп тапты.

«Белоусов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага карата жаза колдонулган жок», — деп кошумчалашты соттон.

Бирок Белоусов адам өлтүрүүгө эмес, «Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу аракети» беренеси боюнча күнөөлү деп табылды. Бирок жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген эмес.

2016-жылы Чүй облусундагы Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринде үч аялдын сөөгү табылган. Анда ЖМКлар маркумдар эже-сиңдилер, ал эми үчүнчүсү алардын биринин кош бойлуу кызы экенин маалымдашкан.

Ошондой эле, ЖМКлар судьялар алмашып, экспертизалар дайындалгандыктан соттук отурумдар бир канча жолу жылдырылганын жазышкан. Анткен менен, кармалгандар кылмышка катыштыгын мойнуна алышкан эмес.