Кыргызстандык Айжан Кадырбекова жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Айжан Кадырбекова Москвада өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында (ACBJJ версиясы боюнча) мелдешке катышты — ал 27-декабрда башталган.

Кадырбекова эки медаль багындырды — күмүш жана алтын. Ал абсолюттук салмакта бардык атаандашын жеңип, алтын тагынды. Ал эми 70кг салмакка чейин көк курчандар арасындагы мелдеште коло медалды багындырды.