Кытай Кыргызстанга 13 миллиард сомдук кайтарымсыз жардам берет

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 13 млрд сом берет. 31-декабрда министр Данияр Амангелдиев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь келишимге кол коюшканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биринчи келишимдин алкагында 350 миллион юань, экинчисинде 650 миллион юань бөлүү каралган. Ошентип, эки келишим боюнча бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард юанды (13 миллиард сомду) түзөт», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, бул каражатка эки тарап макулдашкан социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылат.

2021-жылдын сентябрь айында президент Садыр Жапаров Тажикстанда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушкан. Анда Кытайдын министри өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп берүүнү убадалаган.

Кытай Кыргызстанга каражатты кайтарымсыз гана эмес насыя катары дагы берет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 млрд сомду түзөт. Бул сумманын көп бөлүгү Кытай мамлекетине болгон карыз.

Кытай алдындагы мамлекеттик карыз маселесин президент Садыр Жапаров өзү да козгогон. Ал 2021-жылы мартта «Азаттыкка» маек куруп, эгерде Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» карызын төлөп бербесе, анда Кытай ири инфраструктуралык долбоорлорду башкарууга аларын айткан. Алар — Бишкек ЖЭБи, «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолу жана «Датка-Кемин» көмөкчү чордону.

Анда Жапаров Кытайдын башкаруусуна башка объектилер да өтүп кетиши ыктымал экенин айтып, бирок кайсы объектилер экенин так белгилеген эмес.

«Мисалы, ТЭЦ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деген президент.