COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болду, 38 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2-январга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 32 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 38 жаңы учуру катталды.

Бишкек шаарында 32 адам, Ош шаарында 4 киши коронавирус жуктурду. Жалал-Абад облусунда эки адам илдетке чалдыкты. Калган облустарда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 786га жетти. Өлкө боюнча 179 871 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 804 адам көз жумду.

Учурда 267 бейтап ооруканада, ал эми 326 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.