Жапаров туристтерди Кыргызстандын лыжа базаларына келип эс алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 1-январда жубайы Айгүл Жапарова менен Караколдогу лыжа базасына барды. Ал базаны жарнамалап, туристтерди Кыргызстанга келип эс алууга жана лыжа тебүүгө чакырды.

«Каракол лыжа базасы дүйнө жүзүндөгү ондукка кирген лыжа базасы. Трассанын узундугу 4,5 километрди түзөт. Келип лыжа тебиңиздер. Бардык шарты менен беш жылдыздуу отель бар», — деди өлкө башчы.

Ошондой эле өлкө башчысы Чүй өрөөнүндө Орловка, Чуңкурчак, Зил жана башка лыжа базалары бар экенин белгиледи. «Кыргызстан — кышкы туризмдин мекени!» — деп жазды Жапаров соцтармактагы видеосуна.

Буга чейин соцтармактарда эс алуучулардын Жапаров менен сүрөткө түшүп жаткан видеолору пайда болгон.

Декабрдын ортосунда президент өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетине Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүү жана «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү тапшырмасы берилген.