COVID-19: Бир бейтап каза болду, 41 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 3-январга карата коронавирустун 41 жаңы учуру катталып, 44 бейтап айыкты. Өткөн сутка оорудан бир киши каза болду.

Коронавирус илдетин жуктургандардын 39у Бишкек шаарында, экөө Ош шаарында катталды.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 184 827ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 947 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 805 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 270 бейтап, ал эми үй шартында 319 адам дарыланып жатат.