Унаа коюп кеткен «Тазалыктын» дагы бир кызматкери окуя болгон жерде көз жумду

4-январдын таңында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 35 жаштагы кызматкерин унаа коюп каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан «Клоопко» кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 8:15 чамалуу Бишкек ЖЭБне жакын аймакта катталды. «Тойота пробокс» унаасынын 40 жаштагы Р.Г. аттуу айдоочусу Шабдан баатыр көчөсү менен күн чыгыш тарапка бара жатып жолду шыпырып жүргөн К.С аттуу жаранды коюп кеткен. «Тазалыктын» кызматкери алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы азыркы учурда унаа убактылуу айып короого токтотулуп, айдоочу Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына жеткирилгенин кошумчалады. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Бул акыркы айларда «Тазалык» ишканасынын өлүмү менен аяктаган үчүнчү жол кырсыгы. Буга чейин 2021-жылы 12-декабрь күнү таңкы саат 06:45 чамалуу Бишкектеги Жибек-Жолу проспектинде «Тазалык» ишканасынын кызматкерин Mazda үлгүсүндөгү унаа сүзүп, 47 жаштагы жаран ооруканага бара жаткан жолдо жан берген.

Mazda’нын 23 жаштагы айдоочусу тез жардам кызматын чакырган. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу М.К убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдаган болчу.

Ал эми 2021-жылдын 18-декабрга караган түнү саат 01:20 чамасында Исхак Масалиев көчөсүндө «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 61 жаштагы кызматкерин унаа коюп кеткен. Муниципалдык ишкананын кызматкери окуя болгон жерде каза тапкан. Анда айдоочу мас абалында экени айтылган.