Акыркы суткада коронавирустан эки бейтап каза тапты

Саламаттык сактоо министрлиги 5-январга карата өлкөдө буга чейин коронавирус илдети аныкталган эки бейтап каза тапканын билдирди.

Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирустан 2 809 адам көз жумду.

Ведомство сутка ичинде коронавирус илдетинин 152 учуру аныкталганын да маалымдады.

  • Бишкек — 112;
  • Ош — 10;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ош облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 4.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетин жуктуруунун жалпы 185 031 учуру аныкталды.

Сутка ичинде оорукана жана стационарлардан 53 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 180 050 бейтап айыкты.