Казакстан: Алматыда шаардык администрация басып алынды

Алматыда нааразылык акциясына чыккандар шаардык администрациянын имаратын басып алды. Бул тууралуу Vlast.kz басылмасы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, имаратты Республиканын шаардык аянтынан келген бир нече миң демонстрант басып алган.

«Нааразы болгондор терезе жана эшиктерди талкалап, имаратка кирип жатышат. Күч органдары дагы деле үн чыгаруучу гранаталарды колдонуп жатат», — деп билдирет басылма.

Ошол эле учурда, журналисттер билдиришкендей, өлкөнүн аянтындагы аскерлер четке жылдырылып жатканын, бирок аларга карата күч колдонулбаганын белгилешүүдө. Аянттын өзүндө дагы деле үн чыгаруучу гранаталардын жарылганы угулууда, ал эми басып алынган администрациянын имаратында өрт чыгууда.

Казакстанда чыккан нааразылык уланып жатканына төрт күн болду. Шаарларда митинг суюлтулган газдын баасы кымбаттагандыктан улам Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынан башталган.

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

Массалык толкундун шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Буга карабастан митингчилер дагы деле Алматы, Актөбе, Тараз жана башка шаарларда көчөгө чыгып жатышат.

Башкы сүрөт Vlast.kz