ЖМК: Токаевдин резиденциясы өрттөлдү, Нур-Султанга өзгөчө абал режими кирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Алматы шаарындагы резиденциясында өрт чыкты. Маалыматты «Интерфакс-Казакстан» басылмасына Өрткө каршы күрөшүү кызматынан тастыкташты.

«ТАСС» басылмасы дагы митингчилер резиденцияны басып алышканын жазып чыкты.

Буга чейин Vlast.kz басылмасы дагы бир нече миң демонстрант резиденциянын аймагына кирүү аракетин көрүп жатканын кабарлаган болчу.

Ошол эле учурда нааразычылык акциясына чыккандар Алматы шаардык администрациясынын имаратын басып алышкан.

Мурдараак президент Касым-Жомарт Токаев Алматы облусунда жана борбор калаа Нур-Султанга 19-январга чейин өзгөчө абал режимин киргизген. Өзгөчө абал «жарандардын коопсуздугуна жаралган коркунучтан» улам киргизилгени айтылган.

Ошондой эле Токаев Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда өзгөчө абал режимин киргизген болчу.Казакстанда чыккан нааразылык уланып жатканына төрт күн болду. Шаарларда митинг суюлтулган газдын баасы кымбаттагандыктан улам Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынан башталган.

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

5-январь күнү эртең менен Казакстандын өкмөтү отставкага кетип, премьер-министрдин ыйгарым укуктары убактылуу Алихан Смаиловго жүктөлгөнү белгилүү болгон. Ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөт отставкага кеткенден кийин Казакстандын президенти кезектеги жыйынын өткөрүп, ал жерден өлкө бийлиги суюлтулган газдын баасына 180 календардык күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирген.

Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн күнөө өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалаган.

Бирок, Токаевдин билдирүүлөрүнө карабастан нааразылыктар уланууда.

Башкы беттеги сүрөт: Vlast.kz