COVID-19: Акыркы суткада үч бейтап каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 7-январга карата сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч бейтап көз жумду. Ушуну менен пандемия башталгандан бери өлкөдө 2 814 адам илдеттен каза тапты.

Ал эми өткөн суткада коронавирус жуктургандардын саны 247ге жетти.

  • Бишкек — 151;
  • Ош — 11;
  • Чүй облусу — 37;
  • Ош облусу — 11;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 18;
  • Баткен облусу — 1.

Пандемия башталганы Кыргызстанда жалпы 185 484 адамга вирус жукса, алардын 180 166сы илдетти жеңди. Ал эми акыркы суткада 58 бейтап ооруканадан чыкты.

Өткөн бир сутка ичинде 6 398 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 2 669 киши вакцинанын биринчи дозасын, 3 729 адам экинчи дозасын алды.