Күндүн иллюстрациясы: Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы

Иллюстрация: Татьяна Зеленская. 

Сүрөтчү Татьяна Зеленская Фейсбук барагына Казакстандагы кырдаалга арналган иллюстрациясын жарыялады. Анда күйүп жаткан объектилер чагылдырылып, ал эми Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн кол жоокердин көлөкөсүнүн алдында турат.

«Кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы! #ЖККУ_ЖОК», — деп жазды сүрөтчү иллюстрациянын алдына.

Ал эми Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ондогон активисттер эки күндөн бери митингге чыгып, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршылыгын билдирип жатышат.

Активисттер Кыргызстан менен Казакстан — эгемендүү өлкө экенин айтып чыгышты, ал эми акциянын айрым катышуучулары ЖККУ — «Владимир Путиндин долбоору» деген пикирде.

Казакстандагы митингдер

Коңшулаш Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүп кеткендигинен улам 2022-жылдын 2-январында Мангыстау облусунда митингдер башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып турган.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.

Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.

ЖККУга жардам сурап кайрылуу

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Армениянын премьер-министри, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төрагасы Никол Пашинян ЖККУга мүчө мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан дагы Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жибере турганын билдирген.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).

Азырынча кыргыз бийлиги Казакстанга аскерлерди жөнөтүү боюнча акыркы чечимди кабыл ала элек. Ал эми министрлер кабинети менен президент чечим чыгарууну талап кылып жатат. Акыркы чечимди бүгүн 7-январда Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

Тема боюнча окуңуз: «Көчөдө жүргөн адам эмеспиз». Президент Казакстанга аскерлерди жиберүүгө каршы чыккандарды сындады