Казакстан: Карим Масимов «мамлекеттик чыккынчылыкка» шектелип кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) мекеменин экс-төрагасы Карим Масимов кармалганын билдирди. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка шектелүүдө.

«Үстүбүздөгү жылдын 6-январында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Казакстан Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренесинин 1-бөлүгү боюнча мамлекеттик чыккынчылык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Ушул эле күнү аталган кылмышты жасоого шектелип УККнын мурдагы төрагасы Масимов К.К. жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди», — деп билдирди УКК.

«Дагы башка адамдар» ким экенин УКК маалымдаган жок, бирок буга чейин ЖМКларда Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу, УККнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш кармалганын болжошкон. А бирок анда Казакстандын атайын кызматы маалыматты «чыгымчыл» деп атаган.

«Мамлекетке карата чыккынчылык» болгон делген маалымат «Хабар 24» мамлекеттик телеканалынын түз эфиринде да айтылган — анда бийликтеги жана укук коргоо органдарындагы айрым адамдар президент Касым-Жомарт Токаевге каршы кутум уюштурулуп жаткан имиш делген.

Буга чейин саясат таануучу Аркадий Дубнов Самат Абиштин бир тууганы — олигарх Кайрат Сатыбалды кармалганын билдирген. Ишкер Дубайда кармалганы болжонгон.

Карим Масимов — казак саясатында таасирдүү оюнчу, эки жолку премьер, Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы жана анын аппарат жетекчиси болгон.