Акыркы суткада COVID-19 жуктурган бир бейтап каза болду

Саламаттык сактоо министрлиги 10-январга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган бир бейтап көз жумганын кабарлады.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган 2 819 адам өмүрү менен кош айтышты.

Андан тышкары, акыркы суткада коронавирус жуктуруунун 198 жаңы учуру катталды:

  • Бишкек – 136;
  • Ош – 13;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 29;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 4.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 186 065ке жетти.

Акыркы суткада 66 бейтап айыгып чыкты. Жалпы 180 347 адам коронавирустан айыкты.