Казакбаев: Казакстанда кармалган кыргыз жарандарына адвокат жана консулдар киргизилбей жатат

Руслан Казакбаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Кактус Медиага» дипөкүлчүлүктүн жактоочулары жана консулдары кармалган кыргызстандыктарга азырынча киргизилбей жатканын билдирди.

«Азырынча Казакстандагы Кыргызстандын элчилигинин жактоочуларын жана консулдарын кармалып тургандарга киргизбей жатат. Биз ар бир жараныбыздын кызыкчылыгын коргойбуз, мындан эч ким күмөн санабашы керек!» — деп ишендирди министр.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин мамлекеттик каналдар аркылуу жумушсуз мородер катары көрсөтүүгө аракет кылынган джаз пианисти Викрам Рузахуновдун кармалышы жана сабалышы боюнча нааразычылык нотасын Казакстанга жөнөткөн. Бирок Убуров менен Рузахунов, чындыгында Юбуров, бири-бирине окшобогон эки бөлөк адам.

Музыкант Викрам Рузахунов жана идиш-аяк сатып иштеген Закир Юбуров. Экөө тең кармалган. Рузахунов катуу сабалган.

Видеодогу дал ушул пианист 2-январда Алматыга концерт коюу үчүн келген. Ал эми Закир Юбуров — үй-бүлөсү менен Алматыда 1,5 жылдан бери жашайт жана базарында идиш-аяк сатып иштейт. Закир акыркы жолу 7-ноябрда жума намазга барганда байланышка чыккан. Ал намаздан кийин ал туугандарынын жанына, башкача айтканда, Кыргызстанга келмек. Бирок ал жакындарына жетпей казак-кыргыз өткөрмө постунан кармалган.

«Биздин элчилик менен башкы консулдук маселени көзөмөлдө кармап турат! Учурда Казакстанда абал оңой болбой турат: антитеррористтик операция жүрүп жатат, кармалгандар боюнча алдын ала тергөө амалдары жүрүүдө», — деп билдирди Казакбаев.

ТИМ консулдук кызмат департаментинин директору Рузахуновдун туугандары менен жолукканы тууралуу отчёт берген. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев казак кесиптеши Марат Сыздыков жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Казакстан ТИМнин жетекчилиги менен туруктуу байланышта жана Казакстан Республикасынын аймагында жашап жана эмгектенип, тактап айтканда, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси министрдин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп билдирди Казакбаев.