Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 11-январга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 348 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада илдеттен 85 бейтап айыгып чыкты.
- Бишкек шаарында — 244;
- Чүй облусунда — 38;
- Жалал-Абад облусунда — 22;
- Ош облусунда — 16;
- Талас облусунда – 7;
- Баткен облусунда — 7;
- Ош шаарында — 7;
- Ысык-Көл облусунда — 5;
- Нарын облусунда – 2.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 186 413кө жетти. Өлкө боюнча 180 432 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 821 адам көз жумду.
Учурда 475 бейтап ооруканада, ал эми 1 196 киши үй шартында дарыланууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.