Казакстанда митингди чагылдырганы үчүн «Алтай ньюс» сайтынын редактору кармалды

Дарына Нурсапардын фейсбук барагынан алынган сүрөт

Казакстанда «Алтай ньюс» сайтынын редактору Дарын Нурсапар 5-январда Усть-Каменогорсктогу митингди чагылдырганы үчүн 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргогон «Адыл сөз» эл аралык фондунун президенти Фейсбук барагы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, съемкадан келгенден кийин Нурсапар Фейсбук барагына видео чыгарган, эки күндөн кийин үйүнө укук коргоо орган кызматкерлери келип алып кеткен.

Аны камакка алуу чечими 9-январда чыккан. Бирок ал Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин 488-беренесинин 6-бөлүгүнө «Тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Казакстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүлгөн чогулуштарга, митингдерге, демонстрацияларга, аземдерге, пикеттерге же башка массалык иш-чараларга катышуу, эгерде бул аракетте жазык жоопкерчилигине тартуу жоругунун белгилери жок болсо» ылайык жоопкерчиликке тартылды.

«Чыгыш Казакстандагы “ШыгысАкпарат” холдингинин журналисттерине жетекчилиги митингге чыгууга тыюу салган. Ага карабастан «Алтай ньюс» сайтынын редактору Дарын Нурсапар шаардагы өзгөчө окуяларды чагылдырууну өзүнүн профессионалдык милдети катары санады», — деп жазды Калеева.

Журналисттерди кармоо жана өлүм учурдары

Бул Казакстандагы башаламандыктарда журналисттер кармалган биринчи эле учур эмес. 5-январда башка журналист — «Урал жумалыгынын» кызматкери Лукпан Ахмедьяров да кармалган. Ага кармоонун себептери так айтылбастан шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Андан эки күн өткөн соң уруксат берилбеген митингге катышкан деген айып менен 10 суткага камакка алуу чечими чыккан.

Ошондой эле ЖМКлар 6-январда Алматыда «Алматы» телеканалынын кызматкери ок тийип каза тапканын, дагы бир журналист жарадар болгонун билдиришкен.

Алматыдагы митинг. Сурөт: vласть.kz

Ал эми «Фергана» маалымат агенттигинин башкы директору Даниил Кислов алардын сайты Казакстандын аймагында бөгөттөлгөнүн билдирген. Бул өлкөдө интернет жок болуп жатса да ушундай болгон. Айрым шаарларда интернет бир нече саатка гана күйгүзүлүп жатат.

Ал арада Казакстанда дагы деле өзгөчө абал режими менен коменданттык саат иштеп жатат.

Казакстандагы митинг

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт: Акорда

Бирок Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда мажилисте (парламенттин төмөнкү палатасында) сөз сүйлөп жатып ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын билдирген.

Анын айтымында, өлкөнүн баардык аймагында абал турукташкан.

«Эки күндөн кийин ЖККУнун контингенти этап-этабы менен чыгарыла баштайт. Ал 10 күнгө жетпеген убакытты алат», — деген Токаев.