Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» тастыкташты.

Соттон Сарпашевдин баш коргоо чарасы 10-январда өзгөртүлгөнүн билдиришти.

«Коё берилген жана кайра кармалган»

Тайырбек Сарпашев 2021-жылдын 18-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» шектелип кармалган.

Ведомствонун маалыматында Сарпашев өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталган.

Мындан сырткары, ал «кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп» Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган өзгөртүүлөрдү Суу кодексине киргизүү үчүн парламенттин кароосуна жибергени айтылган.

Бирок 30-июнда Сарпашев эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулган — экс-чиновник тергөө менен келишим түзгөн. Соттон Сарпашев сотко чейинки отурумдар жана соттук өндүрүш аяктаганга чейин эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын шартында болорун билдиришкен.

Бирок өткөн жылдын 14-октябрында тергөө Сарпашев өлкөдөн качып кетиши мүмкүн деген маалымат алгандыктан ал кайра УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Мындан тышкары, экс-вице-премьер көрсөтмө берип, кийин ал кайра төгүнгө чыгарылган. Ал тергөө менен келишим түзгөндө берди делген маалыматтар тастыкталган эмес.

Кумтөрдөгү коррупция

11-августта УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын угузган.

Анда УКМК тергөө далилдерди чогултуп, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келгенин белгилеген.

Мамкомитеттен келишимдердин шарттары «кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына каршы келгенин» билдиришкен.

Кумтөр боюнча биринчи келишимден улам төмөнкү адамдарга издөө жарыяланган: экинчи качкын президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.