Дмитрий Песков: Рузахуновдун окуясы эч нерседен кабар бербейт, бул жалгыз эле учур

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Казакстанда кармалган кыргызстандык пианист Викрам Рузахуновдун кармалышы — өлкөдөгү террордук коркунучтун олуттуулугунан шектенүүгө негиз болбогон жалгыз эле учур» деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

«Бул эч нерседен кабар бербейт. Алматыдагы мындай масштабдуу окуялардын шартында болгон бир эле окуя айрым тенденцияларды түзүүгө негиз болуп бере албайт», — деп айтты Песков 11-январда журналисттерге.

Рузахуновдун кармалышы

Тек гана Рузахуновдун кармалышы жана Казакстандын күч кызматкерлеринин аны митинге акча үчүн жалданып келген жумушсуз кыргызстандык катары көрсөтүү аракети казак бийлигинин «сырттан террордук коркунуч болду» деген риторикасынан күмөн жаратты.

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу «Хабар 24» казак телеканалынын видеосунан белгилүү болгон.

Телеканалдын эфиринен 200 долларга Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн келген жумушсуз кыргызстандык экенин айтып берген бети башы көгала адамды көрсөтүшкөн. Муну менен казак бийлиги митингдерге башка өлкөнүн жарандары катышканын жана мунун баары сырттан пландалганын деп көрсөткүсү келген.

А бирок видеодогу адам 2-январда Алматыга гастролго кеткен джазмек Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон, аны видеодон туугандары, достору жана кесиптештери таанып калган. Ал эми Казакстандын ИИМи кармалган кыргызстандык Закир Убуров аттуу адам экенин билдирген. Убуровдун, чындыгында Юбуровдун иниси казак телеканалынын эфириндеги адам Закир эместигин тастыктаган.

Ошондой эле, Рузахуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын айтышкан. Андан кийин эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн. Ал митингге УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы барган.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги кыргыз жарандарын талоончу катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканына нааразы болгон.

УКМКнын башчысы Викрам Рузахунов — террорист эместигин жана бийлик аны куткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын айткан.

Пианисттин Кыргызстанга кайтып келиши

Кыргызстандыктар тараптан нааразылык толкуну чыккандан кийин Казакстандын атайын кызматы музыкант Викрам Рузахуновду эркиндикке чыгарган.

Музыкант Викрам Рузахунов Казакстандан Кыргызстанга 10-январь күнү кечинде «Акжол-автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кайтып келген. Ал чек арадан Кыргызстандын консулдук унаасы менен Бишкекке алып келинди.

Рузахуновду чек арада күтүп турган журналисттерге джазмен менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берилген эмес. Бирок кийин ИИМдин өкүлдөрү аны Бишкектин Жеңиш Аянтына алып келип, Рузахунов журналисттердин суроолоруна ошол жерден жооп берген.

Ал Алматыга 2-январда досунун чакыруусу менен барганын айтып берди. 4-январда өлкөдө нааразылыктар башталып, досу үйдөн эч жакка кетпөөнү жана көчөгө чыкпоону «өтүнгөн».

7-январда ал Кыргызстанга кайтууга аракет кылган, бирок Алматы — Бишкек жолундагы Самсы айылындагы посттон аны Казакстандын аскерлери кармап, алдын ала кармап туруу камерасына киргизишкен.

Музыканттын айтымында, казак полициясы тарткан видеодо «жалган» айткан. Ал башаламандыктарга катышуу үчүн 200 доллар алганын айткан видеону Казакстандын мамлекеттик телеканалдары чагылдырышкан. Джазмен эркиндикке чыгуу үчүн жалган айтканын белгилеген.

Көгала жана башка залалдар, музыканттын айтымында, 7-январда казак күч органдары тарабынан кармалып жатканда алган. Ал Кыргызстандын УКМКсы же Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен эч кандай купуя келишим болбогонун кошумчалаган. Рузахунов учурда үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын жанында.

Тема боюнча:

Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи