Бир кадр менен: Викрам Рузахунов үй-бүлөсү менен бир дасторкондо

Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров Фейсбук барагында 10-январда Бишкекке кайтып келген музыкант Викрам Рузахуновдун үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Музыкант Викрам Рузахунов үйүндө.

Сүрөт: Азис Абакировдун Фейсбук барагы.

Сүрөттө Рузахунов Казакстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, андан соң Алматыдан Бишкекке кайтып, үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын жанына кошулгандагы учуру. Музыкант Викрам Рузахунов Казакстандан Кыргызстанга 10-январь күнү кечинде «Акжол-автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кайтып келди. Ал чек арадан Кыргызстандын консулдук унаасы менен Бишкекке алып келинди.

Тема боюнча: Казакстанда кармалган музыкант Викрам Рузахунов Бишкекке алып келинди

Рузахуновду чек арада күтүп турган журналисттерге джазмен менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берилген жок. Бирок кийин ИИМдин өкүлдөрү аны Бишкектин Жеңиш Аянтына алып келип, Рузахунов журналисттердин суроолоруна ошол жерден жооп берди.

Ал Алматыга 2-январда досунун чакыруусу менен барганын айтып берди. 4-январда өлкөдө нааразылыктар башталып, досу үйдөн эч жакка кетпөөнү жана көчөгө чыкпоону «өтүнгөн».

7-январда ал Кыргызстанга кайтууга аракет кылган, бирок Алматы — Бишкек жолундагы Самсы айылындагы посттон аны Казакстандын аскерлери кармап, алдын ала кармап туруу камерасына киргизишкен.

Музыканттын айтымында, казак полициясы тарткан видеодо «жалган» айткан. Ал башаламандыктарга катышуу үчүн 200 доллар алганын айткан видеону Казакстандын мамлекеттик телеканалдары чагылдырышкан. Джазмен бошонуу үчүн жалган айтканын белгиледи.

Көгала жана башка залалдар, музыканттын айтымында, 7-январда казак күч органдары тарабынан кармалып жатканда алган. Ал Кыргызстандын УКМКсы же Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен эч кандай купуя келишим болбогонун кошумчалады.

Рузахуновдун кармалышы

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу «Хабар 24» казак телеканалынын видеосунан белгилүү болгон.

Телеканалдын эфиринен 200 долларга Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн келген жумушсуз кыргызстандык экенин айтып берген бети башы көгала адамды көрсөтүшкөн.

Кийин Казакстандын ИИМи кармалган кыргызстандык Закир Убуров аттуу адам экенин билдирген. А бирок видеодогу адам 2-январда Алматыга гастролго кеткен джазмек Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон, аны видеодон туугандары, достору жана кесиптештери таанып калган. Убуровдун, чындыгында Юбуровдун иниси казак телеканалынын эфириндеги адам Закир Эместигин тастыктаган.

Ошондой эле, Рузахуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын айтышкан. Андан кийин эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн. Ал митингге УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы барган. Анын айтымында, кыргыз бийлиги кыргыз жарандарын талоончу катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышканына нааразы болгон.

УКМКнын башчысы Викрам Рузахунов — террорист эместигин жана бийлик аны куткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын айткан.