«Ок атуу болгон». Москвада кыргызстандыктар аралашкан массалык мушташ болду

Москванын борборунда кыргызстандыктар аралашып, ок атуу менен коштолгон массалык мушташ болду. Маалыматты «Клоопко» Кыргызстандын ИИМи тастыктады.

Мушташ 9-январь күнү эртең менен болгону кабарланды. Ондон ашык мас киши мушташкан — Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Чеченстандын жарандары. Мушташка шектүүлөрдүн биринин чөнтөгүнөн телефон уурдоо аракети себеп болгон.

«Мушташтын жыйынтыгында Кыргызстандын 2002-жылы туулган жараны кармалып, эки кыргызстандык административдик жоопкерчиликке тартылды», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле ТИМ бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

ТАССтын маалыматына ылайык, эки адам жабыркап, көптөгөн бычак сайылган жарааттары менен ооруканага жаткырылган.

Басылмага шектүүлөрдүн бири жабыркагандарга бычак сайганын, алардын биринин травматикалык тапанчасын уурдап алганын, ызы-чууну угуп көчөгө чыккан дүкөндүн сатуучусун коркутканын моюндаганын дагы айтып беришкен.

Бул боюнча бир нече кылмыш иши козголгону кабарланууда.