Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болду, 586 жаңы учуру катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 14-январга карата коронавирустан бир адам каза болду, жуктуруунун 586 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада илдеттен 111 бейтап айыгып чыкты.

  • Бишкек шаарында — 435;
  • Чүй облусунда — 49;
  • Жалал-Абад облусунда — 37;
  • Ош шаарында — 22;
  • Ысык-Көл облусунда — 17;
  • Талас облусунда – 11;
  • Ош облусунда — 9;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Нарын облусунда – 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 188 206га жетти. Өлкө боюнча 180 740 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 827 адам көз жумду.

Учурда 660 бейтап ооруканада, ал эми 2 490 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 14-январга карата 7 517 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 494 адам биринчи дозасын, ал эми 4 023 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.