Жалал-Абад облустук ооруканасынан ноутбук жана бензинге талон уурдагандар кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облустук ооруканасынын эшигин бузуп кирип, уурулук жасаган деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына кылмыш тууралуу оорукананын башкы дарыгери Кумарбек Ботокараев кабарлаган.

«Ал 7-январга караган түнү облустук оорукананын административдик бөлмөсүнүн эшигин белгисиз адамдар бузуп кирип, бөлмөдөн төрт ноутбук, бир термос, ошондой эле сейфтин ичинде турган 15 автоунаанын документтерин, 4 670 литр бензин жана 2 330 литр солярканын талондору уурдалганын маалымдаган», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден.

Жалал-Абад ШИИБи «Уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында калаанын үч тургуну кармалган. Шектүүлөр 31, 32 жана 34 жашта — алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жалал-Абаддагы облустук оорукана 595 орунга ылайыкташтырылган — анын ичинде 65 орун жугуштуу оорулар бөлүмүнө таандык. 2021-жылдын июнь айында коронавируска чалдыккан бейтаптар бөлүмдөгү бардык орундарды ээлеп, кошумча стационар ачуу керектиги кабарланган.

Ал эми 2021-жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаров оорукананын абалы менен таанышып чыккан. Анда ал коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге ыраазычылыгын билдирип, ооруканаларга жаңы имарат салуу керек, ошол эле учурда «мамлекеттин бүгүнкү күндө андай мүмкүнчүлүгү жок» деп айткан.