ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери кайтып келди

Бүгүн 14-январда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен кошо Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери Кыргызстанга кайтып келди. Аларды Канттагы авиабазада коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тосуп алды.

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстанга 7-январда келген, ал жакта Алматы шаарындагы ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин кайтарып жатышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-январда ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү корголуп жаткан объектилерди Казакстандын тармактык ведомстволоруна өткөрүп бере башташканын билдирген.

Кыргызстан аскерлерин Казакстанга Жогорку Кеңеш менен президент Садыр Жапаровдун макулдугунан кийин жөнөткөн. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, коңшу өлкөгө 150 аскер, 8 бронетехника жана 11 автоунаа жөнөтүлгөн.

Кыргыз аскерлери Казакстанга келди. Сүрөт: Кыргызстандын Коргоо министрлиги

Жалпысынан Казакстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин жалпы 3 миңден ашык аскери жөнөтүлгөн, алардын басымдуу бөлүгү Орусияныкы. ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.

Казакстандагы нааразылыктар жана ЖККУнун аскрелерин киргизүү

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган. Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймагында абал турукташып калган, ал эми ЖККУнун контингентин чыгаруу 10 күндөн ашык убакытты албайт.