Orda.kz: Казакстанда кармалгандардын арасында дагы бир кыргызстандык бар

Казак ЖМКлары Алматыда дагы бир кыргызстандык кармалганын жазышты. Orda.kz басылмасынын маалыматына караганда, Алматынын Айгүл Сартбаева аттуу жашоочусу досун издеп жатат. Ал Кыргызстанга кетип баратканда кармалган.

«Чолпонбек Сыдыков 46 жашта, Кыргызстандын жараны. Чолпонбек Алматыда эмерек жасап иштечү. Ал акпейил, жакшы киши, эч кимге зыяны жок. 2022-жылы 8-январда убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөн, ошол себептен Бишкекке, үйүнө кетмек болгон», — деп айтып берген Айгүл журналисттерге.

Чолпонбек Сыдыков. Сүрөт: Orda.kz

Анын айтымында, таксист Сыдыковду шаардан чыга берген жердеги блокпосттон түшүргөн. Андан соң аны кармап кетишкен. Болжолу башаламандыктарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен.

«Ал нааразылыктарга катышкан эмес, үйдөн чыкпай отурган, күбөлөр бар. Анын кармалганы тууралуу Кыргызстандын консулдугуна кабарлаганбыз, бирок азырынча табыла элек. Мен кабатырланып жатам, ага окшогон укугу чектелген алсыз кишиге башаламандыктарга катышты деген айыпты “оңой эле илип койсо болот”. Викрам Рузахуновдун окуясы дагы чочулатып турат. Эгерде ал белгилүү джазовый пианист эмес, Чолпонбек сыяктуу катардагы жумушчу болгондо эмне болмок? Жоголгонуна алты күн болду», — дейт Айгүл Сартбаева.

ТИМ азырынча Сыдыковдун кармалышы боюнча комментарий бере элек. Макала жарык көрөр алдында Башкы консулдук менен байланышуу да мүмкүн болгон жок.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, Казакстанда массалык нааразылыктардан кийин беш кыргызстандык кармалган. Алардын бири, Викрам Рузахунов 10-январда бошотулган. Ал Кыргызстанга кайтып келген.

Калган төрт адам 15-январда бошотулган. Бирок алардын арасында Чолпонбек Сыдыков болгон эмес.

Андан тышкары, Казакстандагы нааразылыктар учурунда эки кыргыз жараны кайтыш болгон. ТИМдин маалыматына таянсак, алардын бири 32 жаштагы фитнес-тренер Азиз Мусаевге үйүнө кайтып келе жатканда ок тийген.

Бахтияр Базарбаевдин өлүмү тууралуу маалыматтар чектелүү, болгону Казакстанда жүргүнчү ташуу тармагында иштегени айтылган.