Минкабдын жыйынында Сулаймановдун жүзү жашырылган сүрөтү чыкты — ал издөөдө болчу

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 15-январда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт министрлигинде жыйын өткөргөнүн кабарлады.

Жолугушууда аткаминерлер ведомствонун бир жылдык планын жана жол инфраструктурасы башкармалыгынын системасын реформалоону талкуулашты. Бирок колдонуучулар менен ЖМКлардын көңүлүн жолугушуу эмес, министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган сүрөт бурду.

Бир катар сүрөттөрдө 2014-жылы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып менен сыртынан айып тагылган мурдагы министр Нурлан Сулаймановду көрүүгө болот. Сулаймановго сыртынан айып тагуу менен кошо издөө да жарыяланган болчу.

Министрлер кабинетинде жүзү жашырылган Нурлан Сулайманов. Сүрөт: Министрлер кабинети

Кызыгы, жарыяланган сүрөттөрдө Сулаймановдун жүзү бүдөмүк кылынып жашырылган, бирок столдо анын аты-жөнү жазылган баракча коюлган.

Министрлер кабиненинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына Сулаймановдун жүзү фотоаппараттын «фокусу жылып кеткен үчүн» бүдөмүк болуп калган деп билдиришти.

«Эгер көрүп турсаңыздар жанында отурган кишинин дагы жүзү бүдөмүк болуп калган. Менимче, атайын кылынган эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Минкабдан Сулайманов төрага Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси экенин дагы кошумчалашты.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына караганда, 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Сулаймановдун иши кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулган.

Ошондой эле Сулайманов 2020-жылдын октябрында өткөн шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан №18 номердин алдында депутаттыкка талапкер болгону маалым. Сулайманов бешинчи чакырылыштын да депутаты болгон, бирок 2014-жылы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпаганы үчүн БШК аны мандатынан ажыраткан.