Ош: Жугуштуу оорулар бөлүмүндө COVID-19 жуктурган кош бойлуу аялдар жана ымыркайлар дарыланат

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Ош облусттар аралык клиникалык ооруканасынын №2 жугуштуу оорулар бөлүмү коронавирус жуктурган кош бойлууларды, жаңы төрөгөн аялдарды жана ымыркайларды дарылоо үчүн «кызыл зона» катары иштеп баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бөлүмдө 16 бейтап дарыланууда — алардын сегизи кош бойлуу, сегизи көз жаруу алдында. Аялдардын экөө оор абалда.

«Дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү», — деп билдиришти ССМден.

Саламаттык сактоо министрлигинен COVID-19дун алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүүгө, коомдук жайларда коопсуз аралыкты сактоого жана беткап тагынууга чакырышты. Ошондой эле мекемеден гигиенаны сактап, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жана мурунду чыканак же бет аарчы менен жабуу зарыл экенин эскертишти.

Кыргызстанда 17-январга карата коронавирустун 781 жаңы учуру катталып, ооруну жуктурган үч киши каза болду.

12-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда COVID-19дун жаңы штаммы «омикрон» расмий тастыкталганын кабарлаган. Жаңы штаммдын аныкталышы менен катар Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы айтылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызыл зонага кирген Бишкек, омикрон жана төртүнчү толкун. Эмне болуп жатат?