Алайда дайынсыз жоголгон 71 жаштагы аялдын сөөгү дарыядан табылды

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Алай районун Гүлчө айылында алты күн мурда дайынсыз жоголгон 71 жаштагы Бактыгүл Үсөнованын сөөгү 18-январда дарыядан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Үсөнова 12-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Өз алдынча издеген жергиликтүү тургундар аялдын кийимдерин Гүлчө дарыясынын жээгинен табышкан.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин 15 кызматкери жана аялдын туугандары тартылган. Алар 18-январь күнү саат 11:10до Үсөнованын сөөгүн дарыядан табышты.

Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алай районунда өткөн жылдын 2-апрелинде 14 жаштагы өспүрүм мал кайтарганы кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү аймакта кар көчкү түшкөнү белгилүү болгон.

Ал кар көчкү астында калганы божомолдонуп, издөө иштерине жалпысынан 200дөй киши тартылган. Сегиз күндөн кийин өспүрүмдүн сөөгү көчкүнүн астынан табылган.

Алай: Мал кайтарганы кеткен өспүрүмдүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды