COVID-19: Акыркы суткада үч бейтап каза болду, 820 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18-январга карата коронавирустан үч адам каза болду, жуктуруунун 820 жаңы учуру катталды

  • Бишкек шаарында — 506;
  • Чүй облусунда — 223;
  • Ош облусу — 65;
  • Ош шаарында — 47;
  • Баткен облусунда — 30;
  • Жалал-Абад облусунда — 45;
  • Талас облусунда – 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 20;
  • Нарын облусунда – 10.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 191 288ге жетти. Өлкө боюнча 181 225 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 836 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 153 бейтап айыгып чыкты. Учурда 967 бейтап ооруканада, ал эми 4 770 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.