Масалиев чек ара маселеси боюнча суракка күбө катары өзү суранып барганын айтты

Парламент депутаты Исхак Масалиев 18-январда Башкы прокуратуранын сурагынан кийин ал жакка өз чечими менен барууну туура көргөнүн билдирди. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасына курган маегинде айтты.

Депутаттын айтымында, суракка кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча күбө катары барган. Масалиев тергөөчүлөргө чек ара меселелери боюнча чечим кабыл алуу процедурасын түшүндүрүп бергенин айтты.

Масалиев партиялаштары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын сурагын бийликтин кысымы деп баалай турганын дагы кошумчалады. Депутат президент Садыр Жапаровдун Мадумаровду сындаган маегин «оппозицияга карата анык кысым» деп эсептейт.

«Орозайым Нарматова тууралуу айтсак, ал университетке документтерин 14 жыл мурда тапшырган жана алардын архивде сакталышына жоопкерчилик албайт. Ал окууну сырттан окуп, экзамендерди тапшырып, дипломдук ишин жазган, анын негизинде диплом алган. Бул дипломду жасалма деп айтууга болбойт. Ал өлкө жетекчилигин катуу сынга алган эле», — деп белгиледи Масалиев.

Ал депутат Нарматованын куугунтукталып жатканын «эркектерге жарашпаган, жөн эле кичинекей өч алуу» деп кошумчалады.

Мадумаров менен Нарматованын суракка алынышы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана депутат Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы иш боюнча Башкы прокуратурага үч жолу суракка чакыртылган. Саясатчы күбө катары чакыртылган. Мадумаров өзү сурактарды бийликтин кысымы деп баалайт.

Ал эми 14-январда УКМКнын сурагына депутат Орозайым Нарматова чакыртылган.

УКМК ал Жогорку окуу жайдын үчүнчү курсуна жасалма орто кесиптик диплому менен өткөн, демек жогорку билим алганы жөнүндө диплому дагы жасалма деп эсептейт.

Ошол эле учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Нарматованы окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.