Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаты Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакыртылганын кабарлады — азырынча ага себеби айтыла элек.

Буга чейин партиянын лидери Адахан Мадумаров да сурак берип жатканы кабарланган. Башкы прокуратура саясатчы сурак берип жатканын тастыктаган. Бирок эл өкүлү кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы айтылган эмес. 24.kg сайтынын маалыматы боюнча, Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча күбө катары суракка чакырылган.

2021-жылдын сентябрында дагы ИИМдин кызматкерлери Орозайым Нарматованы кармап, Ош шаарынан Бишкекке суракка алуу үчүн алып келишкен. Кармоого «өлкө жетекчилигинин дарегине негизсиз сын айтканы» себеп болгон. Нарматованын үйүндө тинтүү жүрүп, сурактан кийин бошотулган.

Тергөөнүн версиясы боюнча ал «мигранттардын жана Кыргызстандын аймагында жарандардын арасында нааразычылыктарды ырбатуу үчүн» бийликке сын айткан.

Анын айтымында, милиционерлер аны коркунучтуу кылмышкер сыяктуу кармап, кол баштыгындагы гигиеналык каражаттарына чейин аңтарышкан.

Бул коомдо чоң резонанс жаратып, андан соң ИИМ жарандык активистти күбө катары суракка чакырып, андан соң бошотулганын жарыялаган.

Орозайым Нарматова Садыр Жапаровду ал куугунтукталып жүргөндө тарапташы болчу. Ал Жапаровду чект өлкөдө жана абакта отурганда дагы колдоп жүрчү. Ал эми Садыр Жапаров бийликке келген учурда ал убакта активист Нарматова Жапаровдон көңүлү калганын билдирген.