«Эки бала оюнга тойбой калган экен». Мадумаров Башкы прокуратурада суракка алынганы тууралуу

Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 17-январда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол боюнча Башкы прокуратурага экинчи ирет сурак берди. Сурактан кийин журналисттерге маек куруп, акыркы окуяларга карата пикирин билдирди.

Ал суракка алынып жатканы боюнча «эки бала оюнга тойбой калган экен, эми ойноп турсун» деп айтты. Аны менен катар президент Жапаровдун 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегин «өтө чоң сабатсыздык» деп атады.

Мадумаров Жапаровдун «Адахан Мадумаров жана Орозайым Нарматова өздөрү кылмыш кылып коюп эмнеге Камчы экөөбүздү коркутат» деген айыптоосуна дагы жооп кайтарды.


«Мен бүгүнкү күнгө чейин Садыр Жапаровдун башкы прокурор же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп жатыптыр, бардык кишилерге аныктама да коюп жатыптыр. Бул менимче өтө чоң маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. “Кылмышкер” деп жалгыз гана сот чечим чыгарат», — деди ал.


Депутат президент жана УКМКнын башчысы «башкаларды да өздөрүндөй ойлоп шек санап жатат окшойт» дейт.

«Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып жүрүп чоңойгон эмесмин. Мен банктарды басып алып жүрүп чоңойгон эмесмин. Мен атамдын тарбиясын алып, улуу китептерди окуп, улуу инсандардын тарбиясын алып чоңойгонмун. Ал жигит айтып жатканы жапайычылык. [...]Аман болсун, анын да жооп берер күнү келет. Бул жигит ар бир сөзү үчүн жооп берет», — деди Мадумаров.

«Билгендериндей мамиле кылсын»

Ошондой эле ал, «өзүнө жана партиялаштарына болуп жаткан мамиле башка депутаттарга ишарат экенин» айтты.


«Бул “Бүтүн Кыргызстанга” жасалып жаткан иш-аракеттин баары, мага же Нарматовага эмес, бул ошол залда отурган 85не [депутатка] ишарат. “Көрдүңөрбү керек болсо биз Мадумаровдун өзүн дагы ушундай кылып коюшубуз мүмкүн деп [...] ошолорду коркутуп жатышат», — дейт Мадумаров.


Мындан сырткары, депутат ал суракка алынып жатканда макамы өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин четке каккан жок.

«Булардын сабатсыздык доорунда статусту өзгөртүп коюу — эки мүнөт. Бир телефон чалуу. “Эмне үчүн, кантип” деп суроо дагы бербейт. Бир нерсени баса белгилеш керек, тергөөдө иштеп жаткан жигиттер дагы абдан-абдан кыйналып жатканын көрүп атам», — деди ал.

Жапаровдун интервьюсу

Садыр Жапаров 17-январь күнү «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Мадумаровду жана депутат Нарматованы кескин сынга алган.

«Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда “кыз боозуп, энесин коркутат” деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы [Ташиев] экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? “Колуң менен кылганды мойнун менен тарт” дейт кыргызда», — деген Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров Мадумаровдун Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесин 49 жылга тажик тараптын ижарага алуусу боюнча протоколун «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

«Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер! Качанга чейин “артымда колдоочуларым бар, алар мени жооп берүүдөн коргоп калат” деп каалаган ишин жасап жүрө берет? Мындай көрүнүш улана берсе эзэли оңолбойбуз. Эртең дагы бир популист саясатчы чыгат да, “артымда элим бар” деп элдин ишенимин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, каалаганын кылып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын сатып, жыргап жүрө берет», — деген ал.

Мадумаров кол койгон протокол

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

«Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес», — деген Мадумаров.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Бул маселени 2021-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаров ЖМКларга курган расмий маалымат жыйынында да көтөргөн. Анда ал Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Ал эми бир айдан кийин Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, облуска тиешелүү бир катар маселелерге токтолгон. Анда Жапаров парламенттик шайлоодон кийин Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

«Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн жазага тартуу мөөнөтү чектелбеш керек», — деген Жапаров.

Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланышкан иш боюнча Башкы прокуратурада күбө катары сурак берүүдө. Ал эми УКМК Орозайым Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду «мыйзамсыз алганы» боюнча кылмыш ишин козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу иш боюнча кайрадан сурак берип жатат

Депутат Орозайым Нарматованын атасы УКМКга сурак берип чыкты