Ош: Спортчу Манас Эркул уулунун сөөгү асынган абалда табылды

Ош шаарында спортчу Манас Эркул уулунун сөөгү эжесинин үйүнөн асынган абалда табылды. Маалыматты «Клоопко» Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Сыдыковдун айтымында, 16-январда саат 20:00дө Ош шаарынын Мамыров көчөсүнүн тургуну 30 жаштагы иниси дааратканада асынып каза болгону тууралуу милицияга кабарлаган. Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу ал Манас Эркул уулу экенин аныктаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Өзүн-өзү өлтүрүү» боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Милициядан Эркул уулу Бишкекте ачылган кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин кошумчалашты.

Эркул уулу грэпплинг боюнча Кыргызстандын алты жолку, Азиянын эки жолку чемпиону. Ошондой эле Азия жана Океания чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон.