«800 миң доллар». УКМК Оштун тургундарын барымтага алып, акча опузалаган кишилерди кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-январда Жалал-Абад шаарында Оштун эки тургунун барымтага алган төрт киши кармалганын билдирди. Эки күн мурда жабырлануучулар басма сөз жыйын куруп аларды эркине каршы кармагандар кармалбай жатканын айтып нааразы болушкан эле.

«800 миң доллар»

17-январда Оштун төрт тургуну «Акипресс-Ошто» маалымат жыйын курган — алардын арасында барымтага алынган Мансур аттуу киши да болгон.

Басма сөз жыйындын катышуучулары. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жабырлануучу 2021-жылдын декабрь айында УКТнын мүчөлөрү аны жана тааныш агасын Жалал-Абадга алып кетип, «800 миң доллар опузалаганын» билдирген. Мансурдун айтымында, барымтага алган кишилер «алардын тааныштарынан карызды өндүрүүнү көздөшкөн».

«Тааныштарыбыздан акча өндүрүү үчүн бизди барымтага алышкан. Биз курулуш иштери менен алектенчүбүз. Мени 15 күн кармашты, “1 млн долларлык мүлк бересиң же 800 миң доллар акчаны өндүрөсүң” деп коё беришти», — деген жабырлануучулардын бири.

Дагы бир жабырлануучунун уулу Мухаммаджон Азимов алгач анын телефонуна атасынын сабалганы боюнча видео келгенин кабарлады. Азимов атасын бошотуу максатында үйүн «Аббос» аттуу кишинин атына өткөрүп бергенин айтат.

«Арадан 10 күн өткөндөн кийин атам келди. Кийин кайра жок болуп кеткенинен УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгына арыз менен кайрылдык», — деген Азимов.

Маалымат жыйындын катышуучулары шектүүлөр алгач кармалып, бирок көп өтпөй коё берилгенине нааразы болушкан. Анткени үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып атышканын билдиришкен. Мындан улам жабырлануучулар президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурашкан.

УКМК эмне дейт?

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, укук коргоо органдары бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Жалал-Абаддын батирлеринин биринде «эркине каршы мыйзамсыз кармалган» «М.А.» аттуу кишини бошотушкан. Бирок «М.А.» качан бошотулганын тактоого мүмкүн болгон жок.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу батирде «ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган».

Ал эми шектүүлөр окуя болгон күнү кармалбаганын атайын кызмат төмөнкүдөй түшүндүрдү.

«Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “М.А.” иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес», — дешти УКМКдан.

УКМКдан жабырлануучу тарап 17-январда тергөө органдарына суракка келүүнү убадалап, бирок анын ордуна «Акипресс» басылмасында басма сөз жыйын курду деп билдирди.

Анын эртеси күнү, 18-январда, барымтага алынгандар суракка келишкен. Анын негизинде күч органдары «А.М.», «М.К.», «Р.И.» жана «А.Я.» аттуу шектүүлөрдү кармап, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген.