Акыркы суткада коронавирустан эки киши каза болду, 870 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 19-январга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 870 жаңы учуру катталды

  • Бишкек шаарында — 627;
  • Чүй облусунда — 141;
  • Баткен облусунда — 28;
  • Ысык-Көл облусунда — 21;
  • Жалал-Абад облусунда — 16;
  • Ош облусу — 12;
  • Талас облусунда — 12;
  • Ош шаарында — 8;
  • Нарын облусунда — 5.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 192 158ге жетти. Өлкө боюнча 181 426 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 838 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 201 бейтап айыгып чыкты. Учурда 1 020 бейтап ооруканада, ал эми 5 383 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.