«Эң катаал жаза алсын». Инспектордун огунан каза болгон Абдыраевдин апасы президентке кайрылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 2021-жылдын август айында патрулдук милиционердин огунан каза болгон 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү 1-февралга жылды. Буга маркумга ок чыгарган айыпталуучу «Д.Жнын» жактоочусу келбегени себеп болду.

Соттук отурумга келген маркумдун апасы Анара Асангазиева буга чейин президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогонун эске салып, өлкө башчысынан аны кабыл алууну суранды.

«Баламдын сөөгүн жерге бергенден кийин Камчыбек Ташиев, Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары келген. Бирок ок аткан кызматкер өзү да, жакын туугандары да келип, кечирим сурап койгон жок. Анын ордуна 14 күндөн кийин мени менен соодалашканы келишиптир. Биринчи сот болгондо ызаландым. Баламды өлтүргөн балага жакшы сөз айтат белем? Ошол жерден шектүүнүн апасы мени жулкулдатып ар кандай жаман сөздөрдү айтты. Мен жашоомдон, таянаар тоомдон, жалгыз баламдан айрылдым. Кудай алдында дагы, мыйзам чегинде дагы эң катаал жаза алсын», — деп ыйлады Асангазиева.

Асангазиеванын айтымында, ошол күнү окуя болгон жерде төрт патрулдук милиционер болгон. Абдыраевге ок тийгенден кийин күч органдары дароо биринчи жардам көрсөткөн эмес. Көчөдөгү адамдар жарадар болгон Абдыраевди ооруканага алып баруу үчүн алып кетүүгө аракет кылган, бирок шектүүлөр ага жол беришкен эмес.

«Уулумду атканда башка милиция кызматкерлери карап турган. Эч кимиси жардам көрсөткөн эмес. Ары-бери өткөн адамдар, мечиттен жаңы имам жардам беребиз деп унаага салып алып кетүүгө аракет кылган. Бирок шектүүлөр бербей койгон. Арадан 5 мүнөт 28 секунд өткөндөн кийин гана эстерине келип, унаасындагы аптечканы ачып карашкан. Балам өлгөндөн кийин [патрулдук милициянын кызматкерлери] Бекматов менен Базаркулов келип кечирим сурашты. Ал эми Сафоновду сотко келгенде гана көрдүм. Муну башында күбө кылып коюшуптур, кийин соттолуучу кылышты», — деди ал.

Ал эми Абдыраевдин тууганы кылмышка шектүү «күнөөсүн мойнуна албай жатканын» айтып, нааразычылыгын билдирди.

«Кылмышкер күнөөсүн сезген да жок! Тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алган да жок. Бул жалгыз гана өзүн эмес, бир туугандарын, кыргыз милициясын уят кылып, бетине көө жапты. Бул окуядан кийин адамдардын милицияга болгон көз карашы өзгөрдү», — деди ал.

Ошондой эле, ал кылмышка шектүүлөр маркумга чейин бир нече унааны тосушканы аныкталганын билдирди. Анын айтымында, бир дагы протокол түзүлгөн эмес. Мындан улам ал инспекторлор «акча жасашкан» деп божомолдоду.

«Булар бирге иштебейт экен. Эки шектүү эски автовокзалга, берки экөө башка жакка бөлүнүптүр. Бекматов менен Базаркулов кызмат унааны берки экөөнө берип коюп, тамак ичкени кетишкен. Анан алар унааны пайдаланып ошол жерде машине тосуп атышкан. Биз кат жиберсек, ал катта Чыңгызга чейин эки-үч машине тосушкан экен. Алар тоскондон кийин протокол түзүлүш керек да. Бир да протокол түзүлгөн эмес. Бул эмнени билдирет, бул акча жасап аткан дегенди билдирет да», — дейт маркумдун тууганы.

Окуя кандай болгон?

2021-жылдын 27-августунда Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы айдоочуга ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен. Ошол маалда инспектор куралын алып чыгып айдоочуну көкүрөк тушка аткан.

Бишкек ШИИББи тараткан алгачкы пресс-релизде, «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп маалымдалган. Ошол эле учурда Тез жардам бригадасы жабырлануучуга «биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзгөн, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгону» айтылат.

Жеринен кароо жүргүзүү учурунда мечиттин батыш тарабында унаа жүрүүчү бөлүгүндө, асфалттын бетинде бир даана гильза, кара күрөң түстөгү заттын издери жана кара күрөң түстөгү тампон табылган.

Аталган окуяны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштаганы кабарлаган. Бирок кийинчээрек бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Абдыраевге ок чыгарган сержант «Д.Ж.», ошондой эле Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары «А.Н.», полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору «Б.Э.» жана «Б.А.» УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Кийинчерээк абакта «Д.Ж.» гана калып, ал кызматынан алынганы белгилүү болгон.