Алматыда башаламандык учурунда каза болгон Бактыяр Базарбаевдин сөөгү туугандарына берилди

Сүрөт: Tengrinews.kz басылмасы

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыкта каза болгон Бактыяр Базарбаевдин сөөгү Кыргызстанга алып келүү үчүн жакындарына берилди. Бул тууралуу 16-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов «Азаттыкка» билдирди.

ЖМКларда 35 жаштагы Базарбаев коңшу өлкөдө жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылган. УКМК болсо ал 10-январга караган түнү каза болгонун кабарлаган. Ал эми Назарали Арипов Базарбаевдин сөөгү Казакстандын компетенттүү органдары тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзгөңдөн кийин берилерин айткан.

Буга чейин Алматы шаарында кыргыз жараны Азиз Мусаев көз жумган. Маркум Luxor фитнес клубунун машыктыруучусу болуп иштеген.

Мусаев үй-бүлөсү менен Алматынын борбордук аянтынын жанында жашачу. Маркумдун аялы «Мусаев 6-январь күнү саат 22:30 чамасында үйүнүн жанында жарадар болгон аксакалга жардам берип жатканда аны атып кетишкенин» билдирген.

Кыргызстандыктын туугандары анын сөөгүн Алматыда жерге берүүнү чечишкен.

Казакстанда кармалган кыргызстандыктар

Расмий маалыматка ылайык, Казакстандагы массалык митинг учурунда Кыргызстандын беш жараны кармалган. Алардын бири музыкант Викрам Рузахунов — ал 10-январь күнү кечинде Кыргызстанга кайтарылган.

Рузахунова кармалганы тууралуу казакстандык телеканалдар 9-январда сюжет жарыялашкан. Анда Рузакунов «бейтааныш адамдар ага байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

Анткен менен Кыргызстандын ИИМи Рузахунов Алматыга концерттик программа алып баруу үчүн чакырылганын билдирген.

Андан кийин Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Рузахуновду колдоо митинги өткөн. Митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип журналисттердин жана чогулгандардын суроолоруна жооп берген. Ташиев Рузахунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирген.

Рузахуновдон сырткары Алматыдагы башаламандыктарга катышты деген шек менен кыргызстандыктар Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло кармалышкан. Алар дээрлик бир аптадан кийин бошотулуп, бирок Алматыда калышкан.

Ал эми 16-январда Orda.kz басылмасы Казакстанда иштеген 46 жаштагы кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков алты күндөн бери дайынсыз экенин жазып чыккан. Маалыматка ылайык, ал 8-январда Казакстандагы убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөндүктөн Кыргызстанга кайтууну чечкен. Бирок кыргыз-казак чек арасында кармалган.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев мекеме дипломаттар Сыдыковду издеп жатышканын, бирок азырынча ал табыла электигин билдирген.