COVID-19: Акыркы суткада төрт адам каза болду, жуктуруунун 870 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 20-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан төрт адам каза болду, жуктуруунун 870 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилиги кабарлады.

  • Бишкек шаарында — 600;
  • Чүй облусунда — 161;
  • Баткен облусунда — 27;
  • Жалал-Абад облусунда — 23;
  • Талас облусунда — 18;
  • Ош облусу — 16;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Ош шаары — 10;
  • Нарын облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 193 028 жетти.

Акыркы суткада 266 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери вирустан айыккандардын саны 181 692.

Коронавирустан жалпы 2 842 адам көз жумду. Учурда 1 040 бейтап ооруканада, ал эми 5 961 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.