«Сойкулукка айыпташкан». Кара-Балтада төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 19-январда Кара-Балта шаарында төрт кыз «өз жанын кыюуга» аракет кылып, ооруканага жаркырылганын билдирди.

Маалматка ылайык, тез жардам кызматкерлери Жайыл райондук милициясына төрт кыз дары-дармекке ууланып, өз жанын кыюуга аракет кылып оорукана түшкөнү тууралуу кабарлаган.

Жерине барган милиция кызматкерлери кыздардын аты-жөнүн тактап, алар 35, 28, 26 жана 24 жашта экенин аныкташкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы «Клоопко» кыздарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ал эми «Турмуш» басылмасы кыздар бир батирде жашап жүргөнүн жана өз өмүрүнө кол салардан мурда кат жазып таштаганын маалымдады. Анда кыздар «блогерлердин жашыруун камераларына тартылып, интернетке тараган видеолордон улам ушундай кадамга барганы жазылган» деп айтылат.

Басылма жарыялаган каттардын биринде аларга үч киши жалаа жапканы жазылган — алар интернетке видео материалдарды таратып, «сойкулукка айыпташканы» кабарланган. Ал эми кыз официант болуп иштеп, адал эмгек кылып жүргөнүн белгилеген.

Чүй облустук милициясынан бул факты Жайыл РИИБиде катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Өткөн жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарында 14 жашар кыз дарыга ууланып, өзүнө келбей каза болгон. Айрым ЖМКлар кыз «апасына таарынгандыктан кант диабетинин дарысын ичип алганын» жазышкан. Жалал-Абад ШИИБи кыздын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын белгилешкен.

Башкы прокуратураынын расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы 44 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ал эми эки жылда — 2019-2020-жылдары 92 өспүрүм өз жанын кыйса, алардын 73%ын кыздар түзгөн.

Тема боюнча:

«Апасына таарынган». Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз дары ичип каза болду