Кара-Балтада РИИБдин башчысынын орун басарынын унаасын өрттөп кетишти

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар Жайыл РИИБнин башчысынын орун басары Кайрат Иманалиевдин унаасын өрттөп кетишкенин билдирди.

Басма сөз кызматтан билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат 21-январда түшкөн. Анда таңкы 3:30дар чамасында көп кабаттуу үйдүн короосунда «Хонда Аккорд» унаасы өрттөнүп жатканы айтылган. Жерине өрт өчүрүү кызматы жана милиция барган.

Чүй ОИИБнен өрт өчүрүлгөндөн кийин унаанын арткы отургучунан таш табылганын айтышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаада күйүүчү майдын жыты болгон.

Милиция кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт коюлду.