Кыргызстанда 200 жумуш ордун түзгөн лифт өндүрүүчү завод ачылат

«SKY Industrial Group» компаниясы Кыргызстанда лифт өндүрүүчү завод куруп жатат. Бул тууралуу Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматы боюнча, завод үч миңден ашык түрдүү техниканы өндүрөт: жүргүнчү, жүк ташуучу жана оорукана лифттери жана көтөргүчтөр. Ишкана брондолгон эшиктерди жана жол белгилерин да өндүрөт.

Завод 20 миң чарчы метрде жайгашып, ал жерде инновациялык бөлүм, лаборатория жана тесттик мунаранын көргөзмө залы орун алат. Техникалык өндүрүш линиясы Кытай, Түштүк Корея жана Кыргызстандын адистери тарабынан иштелип чыккан.

План боюнча завод 200дөн ашык жумуш ордун түзөт жана долбоордун баасы 110 млн сом.

«Өлкө коопсуз жана комфорт жагынан сапат стандарттарына жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен өзгөчөлөнө алат. Компания өз продукциясын Кыргызстанда гана сатуу эмес, Борбор Азия рыногуна чыгууну пландап жатат», — деп билдиришти агенттиктен.

Азырынча завод кайсы жакта жайгашканы жана качан ишке кирери айтыла элек.