«Ак ийилет, бирок сынбайт». Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыгарылды

Баңгизат колдонууга жана жүгүртүүгө айыпталып 22-январда кармалган төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыгарылды. Алгач ИИМден Назаров 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган. Бирок шаардык милициянын алдында төкмө акындар жана активисттер чогулуп, аны бошотууну талап кылышкан. Бир нече саатка созулган акциядан кийин төкмө акын үй камагына чыкты.

Назаров журналисттерге кармалганы тууралуу комментарий берип жатып, элди ынтымакка чакырып, «ак ийилет, бирок сынбайт» деп айтты.

«Мени колдоп келген ар бириңиздерге ыраазычылыгымды билдирем. Журналисттер төртүнчү бийлик деп коёт. Чындыктан тайбайлы. Ар бир адамдын башында өйдө-ылдый маселелер болот, баарына чыдап Кыргызстанды өнүгүү жолуна салалы», — деди ал.

Назаров камактан Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда чыкты. Абдиев журналисттерге Назаровду сотко алып баратканын айтып, бир нече документтерге кол койгондон кийин ал бошотуларын айтты.

Темировдун жана Назаровдун кармалышы

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду жана акын Болот Назаровду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялады. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыяладык» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын жабдыктарын да алып кетишкенин кошумчалады.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деди Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду кармап кетишкенин билдириди.

Ал эми Ташиев Темировдун кармалышы журналисттик иликтөө менен «байланышы жок» болгонун айтты.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирди. Ташиевдин айтымында, Назаров «Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн». Бирок Ташиев буга Болот Темировдун эмне тиешеси бар болгонун жана анын статусу тууралуу маалыматты ачыктаган жок.

Ошондой эле Ташиев акын Болот Назаров «баңгизат колдонуп, аны таратып да жүрсө керек» деп божомолдоду. Ошол эле учурда УКМК башчысы бул ишти ИИМ тергеп жатканын жана анын жүрүшү тууралуу «маалыматы жок болгонун» белгиледи.