Бишкекте жана Ошто Болот Темировду колдоо митинги өтөт

Темировдун кармалышы. Сүрөт: Дмитрий Мотинов/Kloop

23-январь саат 11:00дө ИИМдин имаратынын алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо митинги өтөт. Ага активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер катышары айтылды.

Ошондой эле саат 11:00дө Ош шаарындагы журналисттер аллеясында Темировду колдоо акциясы өтөт.

Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, журналист Болот Темиров милициянын имаратында жалгыз отурат, адвокаттар кирүүгө аракет кылып жатышат.

Укук коргоо органдары кармап алып чыгып баратканда Темиров ага «чагымчылдык болгонун, атайын ыргытып кетишкенин» жана компьютерлерин алып кетишкенин айтууга үлгүрдү.

Өздөрүн мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынанбыз деген адамдар иликтөөчү-журналисттин кеңсесинен компьютердин процессорун, буюмдарды жана документтерди алып кетишти. Буюмдардын баарына мөөр басылган эмес.

Кеңсенин ичинде болгон журналист Махабат Тажибек кызы кызматкерлер Темировдун чөнтөгүнө «белгисиз зат салып, кийин баңгизат алынды деп жарыялашканын» айтып, беткапчан, комуфляж кийген кызматкерлер «керек болсо баарыңарды камап салабыз» деп коркутканын белгиледи.

Тажибек кызы кызматкерлер алып кеткен компьютерлердин ичинде жакында жарыялана турчу иликтөөлөр бар экенин кошумчалады.

Temirov Live’дын командасы болуп жаткан окуяларды ишмердүүлүгү менен байланыштырышууда. Аз күн мурда эле журналисттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына байланыштуу иликтөөнү жарыялашкан болчу.

Бир кадр менен: Журналист Болот Темиров кеңсесин беткапчан адамдар тинтип жаткан учурда

«Баңгизат салып коюшту». Иликтөөчү Болот Темировду кеңсесинен кармап алып чыгып кетишти

Болот Темировдун кеңсесинен техникаларды, документтерди алып кетишти

Журналист милиционерлер Темировдун чөнтөгүнө «баңгизат салып койгонун» айтты

ЧУКУЛ КАБАР: Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келди