Болот Темировдун кеңсесинен техникаларды, документтерди алып кетишти

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темировдун кеңсесинен компьютердин процессорун, буюмдарды жана документтерди, камераларды алып чыгып кетишти.

Жеринде түз эфирге чыккан журналисттер буюмдарга «мөөр басылбаганын» белгилеп, анда журналисттик иликтөөнүн материалдары бар болушу мүмкүн дешүүдө.

Буга чейин Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келгени белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, иликтөөчү журналисттерге укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылган.

Журналист Актилек Капаров саат 19:00дө редакциядан чыгып кофе алып келүү үчүн жөнөгөндө Temirov Live’дын кеңсесине атайын кийимчен эркектер киргенин айтып берген. Ал кайра кеңсеге кире алган эмес.

Ал эми команданын менеджери Айжан Алымсейитова милиционерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө «баңгизат салып койгонун» билдирди.

Ушул тапта бир топ медианын журналисттери кеңсенин алдында окуяга байкоо салып турушат.