Свердлов райондук соту Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

23-январда Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Болот Темировдун кармалышын жана тинтүү учурундагы укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов «Клоопко» билдирди.

Нурбек Токтакунов.

Адвокаттын айтымында, соттук отурумга тараптар гана киргизилди, ал эми тиешелүү чечимди судья Айзада Исаева кабыл алды.

«Соттор укук коргоо органынын кызматкерлеринин аракеттерин актоо милдетин ар дайым кынтыксыз аткарып келген. Бул жолу дагы ошондой болду», — деп кошумчалады Токтакунов, соттун чечими менен макул эместигин билдирип.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы Сведлов райондук соту Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын башчысынын айыпталуучу Б.М.Темировдун кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча өтүнүчүн канааттандырганын билдирген болчу.

Ташиевге байланыштуу иликтөө жана Темировдун кармалышы

Камчыбек Ташиев жана Болот Темиров. 

20-январда Temirov Live’дын Youtube-каналында Ташиевдердин үй-бүлөсүнө тиешеси бар журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда Ташиевдин 31 жаштагы жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» заводу өндүргөн мазутту «Регион Ойл» жеке ишканасы Өзбекстанга экспорттогону баяндалган.

Журналисттер «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун, андан 37 млн сом киреше тапканын билдиришкен.

Иликтөөдөн эки күн өткөндөн кийин, Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Кийинчерээк адвокат Нурбек Токтакунов Болот Темировун кайрылуусун жарыялаган. Анда Темиров «эң негизгиси Ташиевдер тууралуу иликтөөнү жарыялаганга үлгүрдүк» деп, буга чейин журналисттер коркутууларга кабылганын белгилеген. Ошондой эле Темиров күч органдары алардын компьютерлерин, камераларын да алып кетишкенин кошумчалаган.

«Алар кирип келгенде мени полго жаткырышып, үстүмө [күч органдарынын] эки кызматкери отуруп алды. Ошол кезде арткы чөнтөгүм аларга жеткиликтүү болчу. Ал эми арткы чөнтөктү тинтип жатышканда баштыкка оролгон белгисиз жашыл зат табышты. Бул албетте меники эмес, мен муну эч качан кылган эмесмин», — деген Темиров.

Temirov Live’тын кызматкерлери Ташиевдер тууралуу иликтөөнүн экинчи бөлүгү чыгаар алдында укук коргоо органдары Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду кармап кетишкенин айткан.

Ал эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Темировдун кармалышы журналисттик иликтөө менен «байланышы жок» экенин билдирген.

Атайын кызматтын башчысы экспертиза Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров баңгизат колдонгонун айтып, ошол эле учурда Болот Темировдун «каны таза чыкканын» билдирген.

Ал арада Бишкек жана Ош шаарларында Болот Темиров менен Болот Назаровдун кармалышына каршы митинг өтүп, ага активисттер, журналисттер жана укук коргоочулар катышкан.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-январда иликтөөчү журналист Болот Темировду эч жака кетпөө тилкаты менен бошоткон. Ал эми Temirov Live’дын кызматкери, акын Болот Назаров үй камагына чыгарылган.