«Видеодогу адам жолдошум эмес». Болот Назаровдун жубайы тарап жаткан видео тууралуу үн катты

Төкмө акын Болот Назаровдун жубайы социалдык тармактарда тарап жаткан видеогу киши анын жолдошу экенин четке какты.

Ал арада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нуржамал Анаркулова эркек киши менен кыз бир нерсе тартып жаткан видеону жарыялаган. Бул видео чыккандан кийин аны президент Садыр Жапаровдун тарапташы Бекзат Өмүрбеков жайылткан. Бирок кийин экөө тең видеону өчүрүшкөн.

Пост жана видео иликтөөчү-журналист Болот Темировдун «чөнтөгүнө баңгизат салып», аны кармап кетишкенден кийин жарыяланган.

Бирок Ташиев маалымат жыйында төкмө акын Болот Назаров «баңгизат колдонот экен» деп билдирди. Анын айтымында, Назаров менен кошо бир кыз да текшерилип «канынан баңгизат бар экени аныкталган».

«Колдонгондо дагы жөнөкөй наркотикти эмес, “бульбулатор” менен колдонот экен. Мен кечээ видеосун силердей эле көрдүм. Бульбуратор — бул таза наркотик эмес. Бул химиялык элементтерден жасалып, бульбулатор менен эффектисин көбөйтөт. Мындай маселе Бишкекте аябагандай көбөйүп кетти», — деди Ташиев.

Анткен менен ИИМдин версиясы такыр башкача. Укук коргоо органдарынан окуя 2021-жылдын 25-октябрында болгонун билдиришкен. Ошондой эле иликтөөчү журналист Болот Темиров менен Назаровдун үстүнөн А.А. аттуу айып арыз жазган деп ишендиришкен.

«2022-жылдын 22-октябрында А.А аттуу айым Бишкек ШИИБине арыз менен кайрылып 2021-жылдын 25-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин аны баңгизат колдонууга түрткөн “Болот” аттуу белгисиз адамга жана анын досторуна карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында аны Бишкек шаарынын Сухомлинов көчөсүнүн №52А дареги боюнча жайгашкан боз үйдүн жанынан жана Бишкек шаарынын Логвиненко № 55 дарегиндеги кеңседе баңгизатын (гашишти) колдонууга түртүшкөн», — деп айтылат ШИИБдин расмий маалыматында.

Эгерде кармоо болгон күнү милиция Сухомлинов көчөсүндөгү «боз үй» жөнүндө гана айтса, ал эми 23-январдагы билдирүүсүндө кызды журналисттик -иликтөөчүлөрдүн редакциясынын кеңсесинде гашиш колдонууга түштүшкөн деп кошумчалашкан. Бирок Сухомлина көчөсүндө боз үй эмес ЮРФА клиникасы жайгашкан.

«Ошол эле күнү журналист Болот Темировго таандык даректе тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда Темировдон полиэтилин баштыкчасы табылган, анын ичинен салмагы 7,79 граммды түзгөн кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган», — деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө. Бирок күбөлөр жана Темиров өзү милиционерлер анын чөнтөгүнө баңгизат салып коюшканын айтышты.

Камчыбек Ташиев маалымат жыйында ага укук коргоо кызматкерлери «Болот Назаров Temirov Live’дын кеңсесинен баңгизат менен чыгып жүргөн» деп кабарлашканын билдирген.

Ал эми Темировдун канынан баңгизат табылбаганы менен УКМКнын башчысынын пикиринде иликтөөчү-журналист «балким аны жайылтып жүргөн».

Назаровдун кармалышы өзү күмөн жаратат — элдин көңүлүн беткапчан адамдар иликтөөчү журналисттердин кеңсесине бастырып киришкенден кийин акын дайынсыз болгон.

Кийинчерээк жактоочу Нурбек Токтакунов акынды ооруканада милициянын курчоосунда көрүшкөнүн — ага жактоочу берилбегенин айтты.

Назаровдун абалы тууралуу азырынча эч нерсе белгисиз. Анын жубайы социалдык тармактарда жарыяланган видеону көргөнүн жана видеодогу адам анын жолдошу эмес экенин айтты. Мындан тышкары, жолдошун кармап кеткенден бери анын акыбалын биле экен.

Болот Назаров Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция аны кармоо учурунда баңгизат табылганын айтууда. Болот Назаров Temirov Live даярдаган иликтөөлөрдү төгүп, баяндап берип турган.